Бишкекте райондук салык кызматынын башчысы пара менен кармалды




Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, райондук салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан. 343-берененин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кызматтын башчысы А.Т.га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору Ж.Д.нын берген көрсөтмөсүнө ылайык A.T. тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн "Т" ЖЧКсынын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алынган.
Жыйынтыгында А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схеманы жоюуга, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.
УКМК салык кызматындагы жетекчилердин бирин кармады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:46
2025-09-04

9:15
2025-09-04

10:21
2025-09-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.