Чүйдөгү эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалды








Эко-резорт эс алуу жайынын ээси Э.Ш. аттуу жаран айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча мыйзамсыз коммерциялык объекттерди куруу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагында жалпы аянты 6,1 гектар болгон жайыт жерлерин өз билемдик менен ээлеп алгандыгы жана капиталдык курулуштарды, тагыраагы, 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолорду, ресторанды, 2 кабаттуу административдик имаратты, 3 кабаттуу курулуп бүтө элек имаратты, кабиналарды, беседкаларды жана башка чарбалык курулуштарды курдурган.
Жогоруда аталган объекттер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерисиз курулган. Ошондой эле жер участогун трансформациялоо жана кадастрлык органдарда каттоодон өткөн эмес. Бул Кыргызстан жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат.
Атайын кызмат ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Учурда жогоруда аталган факт боюнча башка шериктештерди, анын ичинде кызмат адамдарынын дагы аныктоо боюнча тергөө иштри жүргүзүлүүдө.



