Жасалма интеллект жана сулуулук. Кыргызстанга жаңы ыкма алып келген Айперим менен маек
Жасалма интеллект учурда кеңири колдонулуп жатат. Окумуштуулар улам анын пайдалуу жана зыян жактарын изилдеп чыгарышууда. Ата-энелер балдары үчүн кооптонуп жаткан учурда биз бүгүн жасалма интеллекттин пайдалуу жагын сүйлөшөбүз. Тагыраагы, порталыбыздын каарманы, үч эмдин апасы Айперим Таалайбекова жасалма интеллектти колдонуу менен өз кесибинде ийгилик жаратып жаткандагы сыры менен бөлүшмөкчү.
Айперим Таалайбекова - кесиби боюнча банк кызматкери. Бирок учурда перманенттик макияж чебери болуп алектенүүдө. Айперим Чүй облусундагы Кемин айылында төрөлгөн, жашы 30да. Акыркы 6 жылдан бери АКШга барып келип, эки өлкөдө өз бизнесин өнүктүрүүдө. Акыркы убактарда Кыргызстанга жасалма интеллект технологияларын алып келүүдө. Биз каарманыбыздын жасалма интеллектти колдонуу менен кантип перманенттик макияж жасап жатканынына кызыгып көрдүк.
- Саламатсызбы Айперим айым, кантип перманенттик макияж жасоого кызыгып калдыңыз?
- Саламатсызбы! Биринчи жолу Америкага барып келгенден кийин, дагы бир кесипти өздөштүрүшүм керек экен деген ой келди. Анткени ал жактан байкаганым, сулуулук чөйрөсүндө жакшы өнүгүү болуп жатканы болду. Анан мага жакканы ийкемдүү график болгону. Иш убактысын биз өзүбүз түзөт экенбиз. Ошондо дагы бир кесипти өздөштүрүү ашыкча болбойт деп окуй баштадым.
- Кесибиңизди өзгөртүү сиз үчүн оор болгон жокпу?
- Чынын айтсам, физикалык жактан эмес, моралдык жактан оор болот экен. Мен биринчи колледжде окуп, андан кийин жогорку окуу жайды бүтүрүп, анан магистратураны окуганмын. Жалпы 8 жыл окудум. Негизги кесибиңе ушунча убакыт коротуп, анан башынан баштап окуу морлдык жактан оор болду. Анан бизде, элде сулуулук индустриясында жогорку билим ала албай калгандар иштейт деген түшүнүк бар. Ошол да бир аз басым болду. Бирок ал андай эмес экенин түшүндүм.
- Жаслма интеллект аппараты тууралуу айтып бересизби?
- Албетте! Учурда жасалма интеллект көптөгөн кесип ээлерине жардамчы болууда. Бирок көпчүлүк учурда кантип туура колдонууну жакшы билишпей жаткан сыяктуу. Мен Америкада жашап жүрүп алардын жасалма интеллектти туура колдонорун байкадым.
Перманенттик макияж жасагандар билет, бул кесипте эң кыйыны жана убакытты эң көп талап кылганы бул - эскиз чийүү болуп саналат. Келбетке жарашыктуу, анотомияга тууралоо үчүн жасалма интеллект аябай жардам берет. Ошондой аппарат Канададан чыгарылыптыр. Анан байкасам бизде, Кыргызстанда андай аппараттар жок экен. Канададан буюртма менен бул жакка алдырып келе баштадым.
- Сонун! Бул аппарат кардарларга кандай артыкчылыктарды берет?
- Жакшы суроо болду. Кардарлар бизге келгенде көбүнчө күмөн менен келишет. "Мага жарашабы же жарашпайбы, формасы кандай болот" деп ойлонушат. Ушул жерде да жасалма интеллект кардарларга жардамчы болот. Аларга процедура башталганга чейин эле, жүзүн кандай жарашат, формасы кандай боло турганын жүзүнө көрсөтүп берет. Элестетүү кардарлар үчүн оңой болот. Муну менен убакытты үнөмдөөдө жеңебиз десем болот.
- Айтсаңыз, Америкада жасалма интеллект менен перманенттик макияж жасоо канчалык популярдуу?
- Учурда ал жакта аябай популярдуу болуп жатат. Ошон үчүн бул мүмкүнчүлүктү өзүбүзгө алып келип, перманенттик макияж адистерине жеңилдик жаратууга жардамчы болгум келди. Жакында конференция уюштуруп, бул аппаратты кантип туура колдонуу керектигин көрстүп берем.
- Үч эмдин апасы катары убактыңызды кантип бөлүштүрүп жатасыз?
- Үч эмдин апасы болуу оңой эмес. Бул чоң жоопкерчилик жана балдарым мага убакытты туура бөлүштүрүүнү үйрөтөт. Башкача айтканда, апа болгондон кийин тайм менеджментти үйрөндүм.
Экинчиден, эне болгондон кийин гана кошумча күчтөр пайда болот экен. Мурда балалуу энелерди көрүп "мынчалык күчтүү, энергияны кайдан алышат" деп таң кала берчүмүн. Азыр экинчи дем апа болгондон кийин гана ачыларын түшүндүм. Балдарым мага энергия берет, алар мага күчтүү болгонду үйрөтүп жатышат.
- Жакынкы убакта сулуулук тармагы боюнча өзүңүздүн окуу борборуңузду ачууну мерчемдеп жатасызбы?
- Жок, учурда бул тармакта өзүмдү дагы өнүктүргүм келет. Анткени бирөөнү үйрөтүү чоң жоопкерчилик жана ал үчүн, өзүң жетиштүү деңгээлде билимдүү болушуң керек. Ошол себептен мен өзүм дагы көп окушум керек.
- Бул кесипти тандоону каалаган жаштарга кандай кеңеш бересиз?
- Мен баарына айта турган кеңешим - эч качан кеч эмес! Кааласаңыз дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Болгону аракет гана кылуу керек. Жана эмне жасап жатсаңыз жүрөктөн жасаңыз, окуп жатасызбы же иштеп жатасызбы жан дүйнөңүз менен жасасаңыз, сөзсүз түрдө жемишин берет.
- Сонун маек болду Айперим айым! Сизге ыраазычылык билдиребиз.
