Улуу Британияда визасы аяктаган чет элдик студенттер өлкөдөн чыгарылары эскертилди
Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги визалары аяктаган соң өлкөдө калууну улантып жаткан чет элдик студенттер чек арадан чыгарыларын билдирди.
Министр Иветт Купер BBC'ге билдиргендей, айрым студенттер өз өлкөсүндөгү шарттар өзгөрбөсө да качкындыкка арыз беришет.
"Чындыгында качкындыкка муктаждарга колдоо көрсөтөбүз, бирок шарт өзгөрбөсө, студенттер окууну бүткөндөн кийин арыз бербеши керек",- деди.
Министрликтин маалыматына караганда, 10 миңге жакын студентке визалары аяктап баратканы тууралуу эскертүү жөнөтүлгөн жана өлкөдө калса чек арадан чыгарылышы мүмкүн экени эскертилген.
"Эгер мыйзамдуу калууга укугуңуз жок болсо, өлкөдөн чыгышыңыз керек. Болбосо, чек арадан чыгарыласыз",- деп айтылды.
Жалпы 130 миң студент жана алардын үй-бүлөсүнө өлкөдө мыйзамдуу калуу укугу жок болсо чыгып кетүүсү керектиги тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын июнуна чейин 111 миң 84 арыздан 14 миң 800ү студенттик визалар боюнча келген, бул жалпы арыздардын 13 пайызын түзөт. Арыздарды көбүнчө Пакистан студенттери берген, андан кийин Индия, Бангладеш жана Нигерия турат.
Студенттик визасы менен келгендердин арыздары өткөн жылга салыштырмалуу азайганы менен, 2020-жылга караганда 6 эсе көп.
