"Оштун мэрин туурап, көчөгө чыгып кетишти". Төрага аткаминерлерди куру пиардан алыс болууга чакырды
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айрым шаар, район жана облус башчыларын куру пиардан алыс болуп, өз милдетин аткарууга чакырды.
Төрага акыркы учурларда жарашса да, жарашпаса да отурган-турганын телефонго тарттырып, өзүн жарнамалаган жетекчилер көбөйгөнүн белгиледи.
“Көрсөтүп жаткан жумуштары алардын милдети. Өздөрүнө жүктөлгөн ишти убагында, так жасашса жарнамасыз эле эл баалайт. Аны сөзсүз эле пиар кылыштын кереги жок. Баары Ош шаарынын мэрин туурап, көчөгө чыгып кетишти да. Эми анын өзүнүн стили, методу экен, ага жарашып жатат. Бирок башкаларга жарашпагандан кийин маскара болуп эмне кылат дейм да?!", - деди ал.
Тургунбек уулу айрым учурда кээ бир жетекчилер бир-эки таштандыны чыгарып жаткандарын деле көрсөтүп, жалпы Кыргызстанга жарыя кылып жатышканын сынга алды.
“Ал түздөн-түз силердин кыла турган ишиңер. Телефон көтөрүп, блогер жалдап алып, тарттырганды токтоткула дагы өз ишиңерди кылгыла! Анткени, кээ бирөөнүн пиары элдин кыжырын кайнатууда”,- деди төрага.
Жогорку Кеңеш 03.09.25







