super.kg logo
  Саясат  

Ак үйдү оңдоп-түзөөгө канча каражат кеткени маалым болду. Төрага демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди

 

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин V сессиясынын кезектеги жыйыны башталды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жаңыланган жыйындар залы заманбап техникалар менен жабдылганын белгиледи.

“Аталган техникаларды алууга гранттык колдоо көрсөтүп, орнотуп берген Түштүк Кореянын өкмөтүнө, анын ичинен Корея Эл аралык кызматташтык агенттигине (KOICA) Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык билдирем”,- деди ал.

Парламенттин басма сөз кызматы, 2023-жылы төраганын Корея Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз парламенти менен KOICA ортосунда Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүүгө багытталган 8 миллион 400 миң долларлык келишимге кол коюлганын белгиледи.

Ага ылайык, быйыл долбоор толугу менен ишке ашырылып, мыйзам чыгаруу органынын иши заманбап техникалар менен жабдылды. Жогорку Кеңештин имаратынын фасады агартылып, жыйындар залы толугу менен жаңыртылган. Желдетүү системи толук алмаштырылып, ар бир бөлмөдөгү кондиционер дагы жаңыланган.






Жогорку Кеңеш 03.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: