"Канат, бар иште!" Спикер министрди кууп чыгып, Эрулан Кокуловду нааразы кылды (видео)
Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, анын талапкерлиги жактырылды.
Добуш берүүдөн соң парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу аны залдан чыгарып жиберди. Буга депутат Миргүл Темирбаеванын Сагынбаевден Баткен, Лейлек жана чек арага чектеш айылдардын коэффициенттерин көтөрүүнү өтүнгөнү себеп болду.
"Канат, тур, бар ишиңди кыл. Бар иште. Сени шайладыкпы, демек, суроо-жооп болбошу керек. Сен отурсаң бул жерде көп суроолор боло берет",- деди төрага.
Эл өкүлү Эрулан Кокулов өз кезегинде спикердин кылганына нааразычылыгын билдирди.
"Негизи биз министрликке келип жаткандарга такыр эле суроо бере албай калдык. Ушинтип эле суроо бербестен коё берип жиберебизби? Кийин келсе дагы суроо бербестен суроолорду кыскартып коёбуз. Мага Жогорку Кеңеш эмне иш алып барышы керектигин унутуп бара жаткандай сезилет",- деди ал.
Кокулов ошондой эле Тургунбек уулунун жергиликтүү бийлик башчыларына айткан сынына кошулбастыгын билдирди.
"Блогер болосуңарбы, эмне болосуңар, камерага тартасыңарбы же тартпайсыңарбы ишиңерди аткаргыла. Элге көрсөтүп бересиңерби же көрсөтпөйсүңөрбү ал да өзүңөрдүн ишиңер. Бирок ишиңерди так кылгыла",- деди эл өкүлү.
Мунун алдында парламент төрагасы айрым шаар, район жана облус башчыларын куру пиардан алыс болууга, өз милдеттерин так аткарууга чакырган.
“Көрсөтүп жаткан жумуштары алардын милдети. Өздөрүнө жүктөлгөн ишти убагында, так жасашса жарнамасыз эле эл баалайт. Аны сөзсүз эле пиар кылыштын кереги жок. Баары Ош шаарынын мэрин туурап, көчөгө чыгып кетишти да. Эми анын өзүнүн стили, методу экен, ага жарашып жатат. Бирок башкаларга жарашпагандан кийин маскара болуп эмне кылат дейм да?",- деген болчу ал.
Жогорку Кеңеш 03.09.25.







