super.kg logo

Францияда Сириянын мурунку президенти Башар Асадды камакка алуу буйругу чыкты

 

Франциядагы сот Сириянын мурунку президенти Башар Асадды камакка алуу буйругун чыгарды. Бул тууралуу France 24 басылмасы жазды.

Бул буйрук америкалык журналист Мари Колвин менен француз фотографы Реми Оклинин өлүмү боюнча иштин алкагында берилди. Алар 2012-жылы Хомс шаарын өкмөттүк аскерлер тарабынан бомбалоонун натыйжасында каза болушкан.

Мурунку президенттен тышкары, анын администрациясынын мурунку алты жогорку кызматкерлерин камакка алуу буйругу берилди.

2023-жылдын ноябрь айында Франциядагы сот Башар Асадга Сирияда 2013-жылы уюштурулган химиялык кол салуулар боюнча айыптоо менен камакка алуу буйругун чыгарып келген. Бирок 2025-жылдын июль айында Франциянын жогорку кассациялык соту бул буйрукту жокко чыгарып, Асад ошол кылмыштар жасалган учурда президент болуп турганын белгилеген.

Асад Сирияны 20 жылдан ашык башкарган. 2024-жылдын декабрында анын режими кулатылып, өзү болсо Орусияга качып кеткен. Кремл расмий түрдө анын "гуманитардык максатта" саясий башпаанек алганын тастыктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: