super.kg logo

Германия канцлери Орусияга экономикалык кысым көрсөтүүгө чакырды

 

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинадагы конфликтти чечүү үчүн Орусияны экономикалык жактан кысымга алуу керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Мерц Владимир Путинди куралдуу кармашты токтотууга каалоосу жок деп айыптап, Орусия президентине ишенүүгө "эч кандай негиз жок" экенин кошумчалады.

Канцлер конфликтти чечүүгө негиз түзүү керектигин, ал үчүн экономикалык кысым пайдалуу деп эсептей турганын белгиледи.

"Биз ага көмөктөшүүбүз керек, анткени бул Москвага өзүнүн аскердик экономикасын каржылоого мүмкүнчүлүк бербей калат",- деп түшүндүрдү Мерц.

Эскерте кетсек, Орусия лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө экономикасы көп сандагы чектөөлөргө карабай иштеп жатканын белгилеген. Ошондой эле, ал Москва конфликтти чечүү боюнча диалогго даяр экенин, бирок Киев бул диалогдон баш тартып жатканын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: