super.kg logo

Француз актёру Жерар Депардье зомбулук көрсөтүү боюнча сот алдында жооп берет

 

Француз актёру Жерар Депардье актриса Шарлотт Арнуга карата сексуалдык зомбулук көрсөткөн деген айып боюнча сот алдында жооп берет. Бул тууралуу Le Monde басылмасы жазды.

Шарлотт Арну 2018-жылы, 22 жашында Депардьеге каршы арыз жазган. Анын айтымында, Депардье анын атасынын досу болгон. Кийин актёр Арнунун Париждеги үйүндө аны эки жолу зордуктаган. Арну бул тууралуу полицияга кайрылган, бирок ал кездеги тергөө сотко жеткен эмес.

2020-жылы Арну жаңы доо арыз жазган, ошол убактан бери 76 жаштагы актёрго карата тергөө иштери жүрүүдө. 2024-жылы Париж прокуратурасы бул иш боюнча соттук териштирүү өткөрүүнү талап кылган.

Депардье коюлган айыптарды четке кагып, актриса менен болгон мамилеси өз ара макулдук менен болгонун билдирген. Бирок париждик прокурор иште "олуттуу жана тастыкталган далилдер" бар экенин айткан.

2024-жылдын май айында Париж соту Депардьени ыдык көрсөтүү иши боюнча 1,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Анда эки аял актёрду 2021-жылы "Жашыл терезелер" аттуу фильмди тартуу аянтчасында ыдык көрсөткөнүн айтып чыгышкан. Мындан тышкары, ондогон башка аялдар да ага карата ыдык көрсөтүү боюнча айыптоолорду койгон. 2023-жылдын жазында Mediapart басылмасынын иликтөөсүндө 13 аял Депардьенин сексуалдык зомбулугуна кабылганын билдиришкен. Бирок актёр бардык айыптоолорду четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: