Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өмүр бою эркинен ажыратылып, анын партиясынын ишине тыюу салынышы ыктымал.
Грузиянын парламентиндеги Саакашвили режими учурундагы кылмыштарды иликтеген атайын комиссиянын докладынын басымдуу бөлүгүндө 2004-2012-жылдары мурдагы президент жана анын "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы бийликте турган кезде адам укуктарынын одоно бузулушу тууралуу баяндалган.
Докладда түрмөлөрдөгү "системдүү зомбулуктар", ишкерлердин мүлкүн күч менен алуу, мамлекеттик мүлктү рейдерлик жол менен тартып алуу, көз карандысыз ЖМКларга каршы күрөш жана Түштүк Осетиядагы абалды атайын курчутуу фактылары сүрөттөлгөн.
Бүгүн Грузия парламенти Конституциялык сотко кайрылып, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясын мыйзамсыз деп таануу маселесин добушка коёт. Ошондой эле 2004-2013-жылдары Саакашвилинин тушунда берилген мамлекеттик сыйлыктарды кайра кароо же жокко чыгаруу сунушталууда.
Ал эми Түштүк Осетиядагы беш күндүк согушка байланыштуу Саакашвилиге карата алтынчы кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул жолу, парламент төрагасы Шалва Папуашвилинин айтымында, ал мекенге чыккынчылык боюнча айыпталып, өмүр бою абакка кесилиши ыктымал.
Михаил Саакашвили 2004-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Анын бийликте турган мезгилинде өлкөдө бир топ радикалдуу реформалар жүргүзүлүп, бул реформалар саясий, экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө алып келген.
Саакашвилинин президенттик доорунда, 2008-жылы Орусия менен аскердик кагылыш болуп, бул согуштан кийин Москва Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. Сырткы саясатта Саакашвили батышчыл багытты карманып, Грузиянын Европа Биримдигине жана НАТОго кошулууга умтуларын ачык билдирип келген.
2013-жылы президенттик мөөнөтү аяктаар алдында Саакашвили Грузиядан чыгып кетип, алгач Европага, андан соң 2014-жылы Украинага көчүп барган. Ал жакта украин жарандыгын алып, грузин жарандыгынан ажыратылган. Украинада президенттин кеңешчиси болуп, 2015-2016-жылдары Одесса облусунун губернатору кызматын аркалаган.
Бирок ал Украинадагы жогорку жетекчилик менен араздашып, 2017-жылы ошол кездеги президент Пётр Порошенконун жарлыгы менен жарандыктан ажыратылган. Саакашвили бир нече жолу камакка алынып, 2018-жылы Польшанын аймагына чыгарылган.
2021-жылы Михаил Саакашвили мекенине кайтып келүүнү чечкен, бирок ал учурда Грузияда ага каршы бир нече кылмыш иши козголгон болчу. Айрым иштер боюнча ал сыртынан айыптуу деп табылып, өкүмдөр чыккан. Мурунку президент бюджеттик каражатты туура эмес бөлүштүрүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу боюнча айыпталган.
Саакашвили чек араны мыйзамсыз жол менен кесип өткөндөн кийин кармалып, камакка алынган. Ал 2021-жылдын 1-октябрынан бери түрмөдө отурат.
