Нурдан Орунтаев Бишкектеги көйгөйлүү объекттердин документин тапшырды






Кечээ, 2-сентябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы бир катар көйгөйлүү турак жай объекттеринин жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министр жолугушууда көп кабаттуу көйгөйлүү объекттердин маселеси ондогон жылдар бою чечилбей, жада калса мыйзамсыз, тиешелүү уруксат кагазы жок курулуштар жүрүп келгенин белгиледи.
“Өлкө башчыбыздын тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан баштап министрлик бул көйгөйлөрдү системдүү түрдө изилдеп, тиешелүү иштерди жүргүздү. Бүгүн анын оң жыйынтыгын көрүп жатабыз. Биз бул менен токтоп калбай, иштерди уланта беребиз,”- деди Нурдан Орунтаев.
Белгилей кетсек, бир нече жыл мурда курулган турак үйлөр, курулуш компаниялары тарабынан расмий пайдаланууга өткөрүлгөн эмес. Мунун айынан жашоочулар батирлерин өз атына каттай алышпай, кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди алуу процессинде чоң кыйынчылыктарга туш болуп келген.
Жолугушуунун соңунда министр төмөнкү даректерде жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын тургундарына объекттердин пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актыларын расмий тапшырды:
Осмонкул көчөсү, №170
Айтматов проспекти, №97/3
Логвиненко көчөсү, №12
“Арча-Бешик” конушу, Ак-Тан көчөсү, №66 жана №64
Ибраимов көчөсү, №181
12-кичи район, №64/1
Жаманбаев көчөсү, №88/2
