super.kg logo
  Саясат  

"Элди суукка калтырбайлы". Жанар Акаев Увам каналынын жээгин бошотууну токтото турууну сунуштады

 

Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Оштогу Увам каналынын жээгин бошотууну суук түшкөнүнө байланыштуу токтото туруу керек экенин айтты.

Ал Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгесин колдоорун, бирок суук түшкөнүнө байланыштуу үйү бузулган жарандарда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

"Мына, Датка айыл өкмөтүнүн тургундарына Айыл чарба министрлигинен 10 күндүн ичинде тазалоо эскертүүсү түшүптүр. Аткаруу бийлигине кайрылам, ошол каналды тазалоо иштерин азырынча токтотуп турсаңар. Алар суук түшкөндө үйлөрүн бузуп, аны көчүрүп үлгүрбөйт. Эл менен компенсация тууралуу келишимдерди түзүп, аларга кандай жардам берилери чечилгенден кийин гана каналдын жээгин бошотуу иштерин баштоо керек. Элди суукка калтырбайлы",- деди ал.






Жогорку Кеңеш 03.09.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: