АКШ Конгресси Жеффри Эпштейндин иши боюнча материалдарды жарыялады
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитети Юстиция министрлигинен алынган Эпштейн боюнча иликтөө материалдарын коомчулукка чыгарды. Бул кадам Конгресстен маалыматты толук ачууну талап кылган басымдын күчөшүнө жооп катары жасалганын AP News агенттиги кабарлады. Ошону менен бирге агенттик билдиргендей, жарыяланган документтердин басымдуу бөлүгү буга чейин эле коомчулукта белгилүү болгон.
АКШ Конгрессинин кызматкери Роберт Гарсия документтердин жарыяланышын комментарийлеп жатып, америкалыктарды алданбоого чакырды. Анын айтымында, жарыяланган 33 миң беттен турган документ мурда эле коомчулукта ачык болгон. Шейшемби күнү кечинде Google дискке жүктөлгөн файлдардын арасында Эпштейнге байланыштуу көп жыл мурдагы сот материалдарынын сүрөттөрү бар. Гарсия кошумчалагандай, айрым файлдар дээрлик толугу менен редакцияланып, кара сызык менен жаап салынган.
АКШнын Өкүлдөр палатасында Эпштейн ишине байланыштуу бардык документтерди жарыялоого Юстиция министрлигин милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алуу аракеттери уланууда. Бирок демократтарга бул үчүн жетиштүү добуш жетпей жатат. Ал тургай бул мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасынан өтсө да, Сенатта кабыл алынып, кийинчерээк Дональд Трамп тарабынан кол коюлушу керек.
Буга чейин, август айынын башында, Democracy Forward америкалык уюму АКШнын Юстиция министрлиги менен ФБРди Эпштейн ишине байланыштуу документтерди жарыялоону кечеңдетип жатат деп айыптап, аларга каршы сотко кайрылган. Мунун алдында башкы прокурор Пэм Бонди Эпштейн иши толук жарыялана турганын айтып, бирок кылмыштуу аракеттерге байланышы бар таасирдүү адамдардын ысымдары камтылган документти жарыялоодон баш тарткан.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган. Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
