"Эч ким, эч нерсе пландаган эмес". Кремль Трамптын "кутум уюштуруу" тууралуу айыптоосуна жооп берди
Орусия президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков АКШнын президенти Дональд Трамптын акыркы билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Пекиндеги аскердик парад башталгандан көп өтпөй Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында билдирүү калтырган. Анда ал Кытай лидерине Америка Кошмо Штаттарына каршы кандайдыр бир "кутум уюштуруп" жаткан кезде, Владимир Путин менен Ким Чен Ынга салам айтуусун билдирген.
Юрий Ушаков бул билдирүүгө жооп берип, АКШнын президенти бул сөздөрдү тамаша иретинде айткан деп үмүт кыларын билдирди.
"Эч кандай "кутум" уюштурулган эмес. Эч ким эч нерсе пландаган жок. Андай “кутум” болгон эмес. Ал тургай мындай ой үч лидердин биринин да оюна келген эмес",- деди Ушаков.
Эске салсак, бүгүн, 3-сентябрда Пекинде Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишинин 80 жылдыгына арналган чоң аскердик парад өттү. Тяньаньмэнь аянтындагы иш-чарага 20дан ашык мамлекеттин лидерлери катышты.
Кытай төрагасы Си Цзиньпин өз сөзүндө АКШны атаган жок, бирок жеңишке салым кошкон бардык мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.
