"Жалаладин деген табып келип..." Жалал-Абаддын мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айтты (видео)
Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаанын атын өзгөртүү элдин талабы экенин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда айтылган сунуш боюнча жергиликтүү маалымат каражаттарына түшүндүрмө берип жатып айтты.
Ормоков алгач шаардын атынын тарыхына токтолду.
"Жалал-Абад байыркы шаарлардын бири болгон да. 1877-жылы Жалаладин деген бир табып келип, Шор-Булакка элдерди дарылай баштаган. Ошонун аты көп айтылып жүрүп анан Жалал-Абад делип кеткен деген версия бар. Тарыхчыларыбыз дагы 2-3 вариант айтып жатышат",- деди ал.
Калаа башчысы шаардагы өнүгүүлөрдөн улам элдин суранычы болуп жатканын белгиледи.
"Шаардын өзгөрүшү, архитектуралык көрүнүшүндө элдин Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүп бергиле деген талабы болду. Бул сунуш бүгүн же кечээ эле түшкөн жок да. Буга чейин да эл тарабынан ушундай сунуштар келип жаткан. Эми шаардын аты Манас болуп өзгөрүп калса, анда жакшы атты шаарыбыз көтөрүп жүрмөк. Эми сунушту президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө беребиз, алар Жогорку Кеңешке киргизишет",- деп жыйынтыктады ал.
