Депутат Маматалиев: "Бишкектин мэри алдап жатат деп ойлойм" (видео)
Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарында тыгын жана жол оңдоо маселелери чечилбей жатканын айтты.
"Ооба мэр (ред.: Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев) айтты, мөөнөт алыптыр. Бирок мен дем алыш күнү кесиптешим экөөбүз Фучик көчөсүнө кирсек, техниканын баары турат, бирок бир дагы жумушчу жок. Кесиптешим да калп айтпайт. Ошол үчүн мэрди туура эмес маалымат берип, алдап жатат деп ойлойм. Мына, Айни көчөсүндө оңдоо иштерин баштады деп сүйүнүп жаттык эле, бирок оңдобостон жаткан бордюрларды тургузуп коюптур",- деди ал.
Жогорку Кеңеш 03.09.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:17
2025-09-03

16:00
2025-09-03

15:28
2025-09-03

14:27
2025-09-03

14:11
2025-09-03

12:16
2025-09-03

11:50
2025-09-03

Рейтинг:
0

