super.kg logo
  Саясат  

Пост айтыш. Депутат Алиев менен экс-примьер Акылбек Жапаровдун пикир-келишпестиги 

 

Сөз башынан болсун...

Жогорку Кеңштин депутаты Медер Алиев АКИпресс басылмасына Жалал-Абад шаарында өткөн Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган иш-чарадагы окуялар менен бөлүшүп, өзгөчө Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров менен экс-президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу кеп козгоду. Анда алардын салтанатта жалгыз калганын айтып, жакында эле алардын жанында толгон-токой адамдары болгонунун эскерди. Ошондой эле парламентте болгон бир иш-чарада Жапаровдун акылдуу экендиги айтылып, айрымдар күлүп гана отурганын белгиледи.

"Кыргызда айткандай, оомат кетти! Ушул майрамда отурганда, алар мурунку күндөрүн ойлоп коюшту бекен? Качандыр бир кезде мамлекеттин тагдырын чечип турушканын, кетирген каталарын, кошоматчыларын, “ишенимдүү” кишилерин эстешти бекен?.. Өкүнүштү бекен?.. Бул суроолор жоопсуз калат. Анын жообун бир гана Кудай жана ал эки адамдын өзү билет. Тилекке каршы, тарыхта “эгерде” деген сөз болбойт. Бийликтин табияты катаал жана таш боор. Анда кайрымдуулукка, боор оорууга орун жок. Адамдар, өзгөчө саясатчылар жана бюрократтар, эгерде сенде статус болсо, бийлик болсо - сен менен эсептешет. Ошентип эле келе жатат жана мындан ары да ошондой болот. Ошондуктан менин оюмча кандай кызмат болбосун мамлекет үчүн жакшылык кылууга үлгүрүшү керек. Антпесе кийин өкүнүп калат. Анткени, ылдый жактагылар сени мактап, даңктап жатышканы менен, ошол эле ылдамдыкта сени унутуп да коюшат. Мына ушул - бийликтин чыныгы жүзү. Эң башкысы кандай кызматта болбо, адам бойдон калуу. Эл менен сен бийиксиң...", - деген оюн калтырган эл өкүлү.

Медеров макалада Жапаровду "жалгыз, элден четте калган, айыгышы мүмкүн болбогон тери оорусуна чалдыккан адамдай" деп сыпаттаган.

Экстен жооп...

Бул арада Акылбек Жапаровго досторунун бири аталган басылмадагы ой-пикирди жеткирип, депутаттын оюу орой айтылганын кошумчалады. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы бир нече багыттарга бөлүп жооп жазып, мындай ой жүгүртүүнү коом жана табият тууралуу жаңы эле үйрөнө баштаган 5-класстын окуучуларына айтса болмок деп белгиледи.

"Чындап эле мындай оюн жазбашы керек болчу. Бийликтин жана адамдын табияты тууралуу депутат өзүнүн "ачылыштары" менен бөлүшкөнгө шашыптыр. Кыргыз илгертеден бери жакшы айтылган сөздү, терең ойлорду баалаган эл. Бизде билимдүү, китеп окуган эл көп. Көпчүлүгү бийликтин да, адамдын да табияты тууралуу улуу ойлор менен тааныш. Окурмандардын көбү — чоң турмуштук тажрыйбага ээ адамдар. Мында окурмандарга өтө начар орусчасы менен Америка ачам дегени - аларды жөн эле сыйлабагандык.

Даанышманга айтарым мындай:

- Биринчиден, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө эл өкүлү бийик ойлоого тийиш. Элдин өткөнү, бүгүнкү күнү жана келечеги жөнүндө ойлонууга. Эл сага депутаттык орунду бекер эле берген жок. Мындай ыйык күнү күнүмдүк таарынычтарга, ичи тардыктарга түшүп кетпеш керек. Бул дүйнөдөн Александр Македонский да, Сулайман пайгамбар да бош кол менен кетишкен. Биз жөнөкөй пенделер эмне кылабыз? Адам кандай кырдаалда болбосун ар дайым ар-намысын сакташы керек, менде ал дайым болгон. Ал наамдан да, орденден да көз каранды эмес.

- Экинчиден, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын протоколун билип коюу абзел. Ар дайым акыркы болуп эң маанилүү коноктор келет. Ал эми катышуучулар арасында шарт боюнча катуу үн чыгарып учурашууга, кучакташып, сезимдерди көрсөтүүгө уруксат берилбейт.

- Үчүнчүдөн, кесиптеш депутаттарды кемсинтип, алардын ою менен сөзүн кошоматчылык катары сыпаттоо бул жөрөлгө эмес. Бул — адепсиздик.

Ошондой эле эл өкүлү мамлекеттик кызматкерлер тууралуу кемсинткен же мазаактоочу тил менен сүйлөбөшү керек. Алар "майда" эмес, алар "сүйрөлбөйт" жана "селт этпейт". Алар өз милдетин так аткарышат.

Азырынча ушул жетиштүү го деп ойлойм. Тери ооруларын болсо редакциянын абийирине калтырам", - деп жооп берди Фейсбуктагы баракчасынан Жапаров.

Дагы кат....

Муну менен депутат токтоп калган жок. Ал басылмага берген оюн түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, Жапаровдун коррупциялык күмөндүү иштери бар экенин кыйытты.

"Сөздүн төркүнүн, маанисин талдабай, түшүнбөй туруп сен мени көрө албайсың дептир, сен сүйлөбөй эле сагыз чайна дептир. Капырай айа, эгерде сиздей адамды көрө албасам анда менин турмушум бекер өттү. Капа болбоңуз, мен сизди эч кайсы бир жагынан өзүмө мисал, өрнөк кыла албайм. Ал катта кеп сиз жөнүндө эмес, а бийликтин табияты жөнүндө болчу. Адам баласы бийликте болгонунда жандап жүргөндөр, кошоматчылар, достор көбөйөт. Айткан сөздү жерге түшүрбөй "Лаппай, куп болот!" деп ийилип турушат. Бийликтен кетээр замат унутта каласың. Сени эчким эстебейт. Мына ачуу чындык. Сөздүн мааниси ушунда эле.
Сиз өз сөзүңүздө мени атайын жеке сизге каршы жазып жатат деген мааниде сөздү кыйытыптырсыз. Жыгылган адамды тепкилеген болбойт чыгар... Сизге тиешелүү көп коррупциялык күмөндүү иштер бар. Отель Дамас, МИК 200 миллион, мыйзамсыз жерлер. Бул чекесиле.
Эгер мени менен мүлкүбүздү текшерели, саясатта басып өткөн жолубузду салыштыралы десеңиз мен даярмын. Дебатка чыгалы, сотко бериңиз, көрүшөлү. Сиздей саясатчылар 30 жыл мамлекетти бузуп, талкалап ушул акыбалга алып келдиңер! Урматтуу Акылбек мырза, мага оз учурунда жакшылык кылгам деп айтыптырсыз. Мен аны укпаптырмын, билбейт экем, эгер чын болсо, чын журоктон ыраазычылык билдирем", - деп жазды депутат Жапаровго жооп катары.
Бийиликтин эки бутагындагы чоңдор пост менен акыйнек айтышып жатканда, коомчулук ар кандай пикирлерин жазышууда. Ал эми Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Медер Алиевге жооп береби же жокпу убакыт көрсөтөт...





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: