Британияда Альцгеймер оорусун 3 мүнөттө аныктай турган ыкма ойлоп табылды
Бат университетинин окумуштуулары Альцгеймер оорусуна байланыштуу эс тутумдун баштапкы бузулууларын аныктаган тез ЭЭГ-тест иштеп чыгышты. Бул жаңы ыкма Brain Communications (BC) журналына жарыяланды.
Fastball деп аталган бул ыкма - атайын түрдөгү электроэнцефалограмма (ЭЭГ). Тест учурунда баштын терисине мээнин электрдик активдүүлүгүн өлчөөчү сенсорлор орнотулат. Ошол эле маалда катышуучуларга бири-биринен айырмаланган, кайталанган сүрөттөр көрсөтүлөт. Систем мээнин тааныш сүрөттөргө болгон реакциясын байкайт.
Бул ыкма Бристоль университети менен чогуу жүргүзүлгөн пилоттук изилдөөдө текшерилген. Ага 54 дени сак адам жана 52 жеңил когнитивдик бузулуусу бар адам катышкан. Эс тутумунун бузулушу менен байланышкан амнестикалык формасы бар бейтаптарда мээнин реакциясы кыйла алсыз болгону байкалган. Дал ушундай адамдарда Альцгеймер оорусунун өнүгүү коркунучу жогору экени белгилүү.
Окумуштуулар белгилегендей, бул тест болгону үч мүнөттүк убакытты алат жана үй шартында колдонууга ылайыктуу. Бул болсо бейтаптар үчүн стресс деңгээлин төмөндөтөт. Учурда ыкманын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн кеңири масштабдагы клиникалык сыноолор жүрүп жатат. Эгерде кошумча изилдөөлөрдө тесттин натыйжалуулугу тастыкталса, ал медициналык практикага киргизилиши мүмкүн.
Анын жардамы менен дарыгерлер ооруну эрте аныктап, дарылоону эң ыңгайлуу мезгилде баштай алышат.
