Бишкекте алдамчылык, кумар оюндары менен алектенген чет элдиктер кармалышты










Бишкекте мыйзамсыз акча операцияларын жүргүзүп келишкен чет элдик жарандар кармалышты. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жасалма банк карталарын жана уюлдук операторлордун SIM-карталарын колдонуу менен ири өлчөмдө акча каражаттарын мыйзамсыз алып жүрүшкөн жана мыйзамсыз ишин кеңседе уюштурушкан. Факт боюнча Кылмыш кодексинин "Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык активдер капчыгын жана SIM-картаны үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу" жана "Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген 39 жана 30 жаштагы чет элдиктер кармалып, 2 айга камакка алынышты. Алардын кеңсесин тинтүүдө болжол менен 30 даана уюлдук телефон, 100 банк картасы, ноутбук, 20дан ашык SIM-карта жана шектүүлөрдүн атына бир нече паспорт табылган. Алар онлайн-казино платформасы менен оюнчулардын ортосунда акча каражаттарын которуп, 1 миллион 500 миң сомдон ашык киреше алып турушканын айтышкан.
Шектүүлөр трансулуттук кылмыштуу уюмдун мүчөлөрү болуп чыгышты. Алар кошуна мамлекеттерде өздөрүнүн алдамчылык схемаларын ишке ашыра албай мыйзамсыз аракеттерин Кыргызстанда улантууну чечишкен. Ал эми 39 жаштагы шектүү Украинадагы согушка да катышкандыгы аныкталды.
03.09.25.



