Жеке менчик мектептерди лицензиялоо жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү

Маалым болгондой, жаңы тартипке ылайык, лицензия алууга арыздарды кароо мөөнөтү 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейин кыскартылды. Лицензиялык кеңеш жоюлуп, лицензияга чейинки текшерүү алынып салынды. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги корутундуларды берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча иш алып барса, Санариптик өнүктүрүү министрлиги лицензиялоонун автоматташтырылган тутумун иштеп чыгууда.
Эми лицензиялык талаптарга туура келген бардык зарыл документтер бар болгон учурда лицензия алуу жөнөкөй жана тезирээк болот. Бул үчүн аймактык билим берүү органдарына же президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттарына кайрылууга болот. Адистер лицензия алуу боюнча кеңеш жана жардам көрсөтүшөт.
Агартуу министрлиги ишкерлерди, инвесторлорду жана жарандык коомду жеке менчик билим берүү тармагын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-09-03
14:47
2025-09-03
13:33
2025-09-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.