Оштун мурдагы биринчи вице-мэри Марс Исаев коррупцияга шектелип, камакка алынды
Жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, Кадастр мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) кылмыш иши козголду. Ош шаардык соту И.М.га карата 31-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
Учурда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелерин аныктоо иштери уланууда.



