Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынанын өлүмүн тааныбай турганын айтты
Зигмунд "Известия" басылмасына берген маегинде Лука менен чогуу Натальяга бир нече күнгө жетчү азык-түлүк калтырып кеткенин айтты. Бирок, анын айтымында, чокуда аба ырайынын начардыгынан аны куткаруу үчүн абдан оор кырдаал түзүлгөн.
16-августта Жеңиш чокусунан түшүү учурунда Германия жана Орусиядан келген эки альпинист жарандары жаракат алып, Италиянын жараны Лука каза болду.
19-августта казакстандык блогер чакырылып, альпинист калган чокуга анын дрону учурулган. Тартылган видеодо Наталья дронго кол булгалап, анын тирүү экени билинген.
Куткаруучулар бир нече жолу Натальяга жетүүгө аракет кылышкан, бирок 23-августта катаал аба ырайынан улам операция токтотулган.
26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.
27-августта Наталья Наговицынанын турун уюштурган "Ак-Сай Трэвел" туристтик компаниясы окуя боюнча билдирүү жасап, быйыл август айында Жеңиш чокусунда Борбордук Азия тарыхындагы эң татаал куткаруу операцияларынын бири жүргүзүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы орусиялык альпинист учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканын, чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа бериле турганын маалымдады.
Альпинисттин курбусу Лия Попова "Комсомольская правда" басылмасына берген маегинде, Наталья "Ак илбирс" ардактуу төш белгисин алуу үчүн Жеңиш чокусуна экспедицияга барганын айтты.
"Өткөн жылы ал Жеңиш чокусуна чыгууга аракет кылган. Бирок гид кийин даярдануу керектигин айтып, артка бурулушкан. Жыл бою ал жөө жүрүш жөнүндө айтып жүрдү. Бул анын кыялы болгон. "Ак илбирс" төш белгисин алуу үчүн бешинчи 7 миң бийиктиктеги чокуну багынтуу болгон. Альпинисттер үчүн бул абдан престиждүү", - деген Попова.
29-августта орусиялык басылмаларда Наталья бутун сындырып алгандагы акыркы сүрөттөрү тарады. Анда Натальяны сынган буту менен кар үстүндө жылмайып отурган абалда көрүүгө болот. Жанында болсо аны куткарууга аракет кылып жатканда үшүккө урунуп, мээсине шишик кетип, оор азапта каза болгон италиялык альпинист Лука Синигилья болгон.
Натальянын жолдошу Хан-Теңири чокусуна бараткан жолдогу болжол менен 6400 метр бийиктигинде каза болсо, өзү Хан-Теңири менен кошуна жайгашкан Жеңиш чокусунун 7200 метр бийиктигинде калып калган. Каза болгондугу тууралуу расмий билдирүү жок. Бирок 27-августта Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист айымды издөө үчүн аскердик дрон учурулганда тирүүлүктүн белгилери байкалбаганы айтылды.
Наговицынанын жоготуулары, оор сыноолору тууралуу шилтемеден окуй аласыз.
