super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Цай Ци жолугушту. Талкууланган маселелер

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Цай Ци менен жолугушту.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Анда саясий диалогду тереңдетүү, гуманитардык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелери талкууланды.

Цай Ци президент Жапаровдун жетекчилиги астында республика өнүгүү жана улуттук кайра жаралуу жолунда ишенимдүү кадам таштап жатканын баса көрсөтүп, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгиледи.

Жапаров өз кезегинде Кыргызстан Кытай менен өз ара ишенимге, конструктивдүү саясий диалогго жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип ишке ашырууга негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Экономика жаатында мамлекет башчысы Кыргызстандын ири соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү катары Кытайдын алдыңкы ролун белгилеп, каржы, инфраструктура, маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Бул контекстте ал кытай компанияларын Кыргызстандын улуттук долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышууга чакырып, өлкө экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен демилгелерге ачык экенин баса белгиледи", - деп жазылат расмий билдирүүдө.

Соңунда тараптар кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө, стратегиялык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүгө жана эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга болгон өз ара умтулууларын ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: