super.kg logo

Көлбаев, Анапияев менен байланышы болгон делип "Кеша" каймана аттуу киши кармалды (видео)

 

"Кеша" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал убагында Камчы Көлбаевдин тарапташы, Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгонун белгиледи. Ал 2009-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Шектүү 2016-жылы тыюу салынган баңгизаттарын саткандыгы үчүн 12 жылга абакка кесилген. Жазасынын жарымын өтөгөндөн кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган. 2022-жылдын 18-октябрынан 2025-жылдын 13-мартына чейин пробациялык көзөмөлдө болгон.

Пробациялык көзөмөлдө жүргөн мезгилде, тагыраагы, былтыр декабрь айында ал көзөмөл шарттарын одоно бузуп, кыргыз-казак чек арасын системдүү түрдө мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн.

УКМК ал тыюу салынган заттарды ташып кирүү жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалганын жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады. Учурда кылмыштын бардык жагдайлары жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: