Жалал-Абадда 22 балык чарбасына мониторинг жүргүзүлдү




Айыл чарба министрлиги Жалал-Абад облусунун балык чарбаларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында облустагы жалпы 22 балык чарбасы министрлик менен келишим түзүп, ишмердүүлүгүн алып барууда. Анын ичинде:
- Токтогул суу сактагычында – 9 балык чарба,
- Күрпсай суу сактагычында – 5 балык чарба,
- Таш-Көмүр суу сактагычында – 4 балык чарба,
- Шамалды-Сай суу сактагычында – 4 балык чарба иштеп жатат.
Мониторингдин жыйынтыгында товардык балык өндүрүүнү көбөйтүү жана ветеринардык-санитардык эрежелерди так сактоо боюнча сунуштар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:01
2025-09-05
16:27
2025-09-05
16:10
2025-09-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.