Макрон: "Европа өлкөлөрү Украина үчүн коопсуздук кепилдиктерин даярдашты"
Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдиргендей, каалоочулар коалициясына кирген Европа өлкөлөрү Украина үчүн согуштан кийинки коопсуздук кепилдиктерин даярдашты жана алар Киев менен Москва тынчтык келишимине кол койгондон кийин берилет. Бул тууралуу Deutsche Welle агенттиги жазды.
Ал бул жөнүндө Парижде Владимир Зеленскийди кабыл алганда айткан.
Макрондун айтымында, Украинага байланыштуу коопсуздук кепилдиктери август айында Вашингтондо өткөн саммиттен кийин каалоочулар коалициясына кирген өлкөлөрдүн аскердик жетекчилиги тарабынан даярдалган.
"Өлкөлөрдүн салымдары документтештирилип, бүгүн коргоо министрлери деңгээлинде өтө катуу купуялуулукта бекитилди. Бул иш аяктады жана эми саясий жактан жактырылат деп айтууга толук негиз бар",- деди ал.
Макрондун түшүндүрүүсүндө бул кепилдиктер бүгүн, 4-сентябрда Парижде гибриддик форматта өтө турган каалоочулар коалициясынын жолугушуусунда талкууланат.
Зеленский 3-сентябрда Даниядан Парижге келип, ал жакта премьер-министр Метте Фредериксен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Түндүк Европа жана Балтия өлкөлөрүнүн лидерлери менен саммитке катышкан.
Париждеги жолугушуудан кийин украин лидери Франция президентине Украинага күчтүү колдоо көрсөткөнү жана көптөгөн демилгелер менен коалициянын лидерлигин колго алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
"Президент Макрон менен жолугушууда каалоочулар коалициясы лидерлеринин жыйынынын алдында позицияларыбызды координацияладык жана коопсуздук кепилдиктерине даярдык иштерин талкууладык. Ишенем, биздин ишибиз Украина үчүн күчтүү коопсуздук кепилдиктерин алып келет. Бул боюнча баарыбыз иштеп жатабыз",- деп жазды Зеленский Telegram-каналында.
Ал Макрон менен Украинаны мындан ары да аскердик жактан колдоо, согушту токтотуу үчүн Орусияга санкциялык басымды улантуу жана Батыштагы тоңдурулган орус активдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганын кошумчалады.
"Өзгөчө көңүлүбүздү Евробиримдикке мүчө болуу аракеттерибизге бурдук. Бул багытта Франциянын колдоосун баалайбыз",- деди Зеленский.
