super.kg logo

МАГАТЭ Ирандагы ядролук объекттер боюнча келишимди ушул аптада түзүүнү пландоодо 

 

Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси Иранда байытылган урандын канча өлчөмдө калганы боюнча июндун ортосунан бери маалымат жок экенин билдирди.

Израилдин 13-июндагы ядролук объекттерге соккуларынан кийин, агенттик Ирандагы ядролук объекттерге инспекторлордун кирүүсү боюнча Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү ушул апта ичинде жыйынтыктай аларына үмүт кылууда.

Гросси Reuters агенттигине курган маегинде, МАГАТЭ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү айлап созулбашы керек экенин айтты.

Иранда жайында МАГАТЭ менен кызматташтыгын убактылуу токтотуу жана инспекциялар үчүн Улуттук коопсуздук кеңешинин уруксатын алуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Азырынча МАГАТЭнин инспекторлору Бушер атомдук станциясына гана барышты, бирок ал Ирандагы эң маанилүү объект эмес.

"Жалпысынан уран материалдары ошол жерде турат деп ойлойм, бирок тактоону талап кылат. Кээ бир бөлүгү жоголгон болушу мүмкүн",- деди Гросси. Ал чоң көлөмдөгү уран байытылгандыгы тууралуу азырынча далилдер жок экенин кошумчалады.

Буга чейин Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эслами Иран менен МАГАТЭ кызматташууну калыбына келтирүү боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдүн раундун өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга карата аскердик операция баштаган. Жооп катары Иран да сокку урган. 22-июнда АКШ жаңжалга кошулуп, Ирандын Исфахан, Натанз жана Фордо шаарларындагы өзөктүк объекттерине сокку жасаган. Иран мунун жообу катары 23-июнда Катардагы АКШнын "Аль-Удейд" аба базасына чабуул койгон.

Бул окуялардан кийин, 24-июнда ок атышууну токтотуу режими жарыяланган. Бирок МАГАТЭ тарабынан Израил жана АКШнын Иранга жасаган соккуларына карата ачык айыптоонун жоктугу Иранда катуу сынга кабылган.

Натыйжада, 2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу жана инспекцияларга тыюу салуу тууралуу мыйзамга кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: