super.kg logo

Apple жасалма интеллектке негизделген жаңы Siri’ни 2026-жылдын башында ишке киргизет

 

Apple компаниясы LLM Siri деп аталган жаңы муундагы жасалма интеллект жардамчысын 2026-жылдын башында колдонуучуларга сунуштоого даярданып жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Bloomberg аналитиги Марк Гурмандын маалыматына караганда, компания ичинде жооп берүү кыймылдаткычы (answer engine) деп аныкталган бул технология Siri’нин издөө жана маалыматка жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жаңы деңгээлге көтөрөт.

LLM Siri - бул WWDC 2024 иш-чарасында тааныштырылган, бирок кийинкиге калтырылган толук кандуу жасалма интеллекттүү Siri эмес. Жаңы систем көбүнчө веб-издөөчү сыяктуу иштейт. Колдонуучулардын жалпы маалымат суроолоруна ар түрдүү булактардан кыска, так жана түшүнүктүү жоопторду сунуштайт.

Apple’дын планында бул функция алгач Siri аркылуу жеткиликтүү болот. Бирок убакыт өткөн сайын Spotlight издөөсүнө жана Safari браузерине да кошулары күтүлүүдө. Ошентип, колдонуучулар жөн гана текст эмес, сүрөттөрдү, мультимедияны жана жергиликтүү маалыматтарды камтыган жыйынтыкка да жетише алышат.

Apple жетекчилери бул версияны компания ичинде World Knowledge Answers деп да атап жүрүшөт. Технологиянын иштөө ыкмасы Google жана OpenAI сунуштап жаткан жасалма интеллектке негизделген издөө жыйынтыктарына окшош болот деп болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: