super.kg logo

"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко оорусу жана учурдагы абалы боюнча маек берди (видео)

 

"Город 312" тобунун ырчысы, кыргызстандык Светлана Назаренко инсульттан айыкканын билдирип, орусиялык алып баруучу Андрей Малаховдун "Смотрим" телеберүүсүнө маек курду.

2023-жылы Светлана Назаренко сахнадан кетип, чыгармачылыкта тыныгуу алган. Ырчы концерттик ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун ден соолугуна көңүл буруу зарыл болгондугу менен түшүндүрүп, акыркы эки жылда коомчулукка маалыматтар чыккан эмес.

Малахов менен болгон маегинде ал чоң инсультту башынан өткөрүп, учурдагы абалы менен бөлүштү.

"Инфаркт көбүнчө өз жумушун сыноо катары көргөн адамдарга келет, ал эми инсульт башкалар жөнүндө ойлонуп, өзүн эстен чыгаргандарга берилет деп дарыланып жатканда бир дарыгер айтты эле. Балким, чын эле ушундай... Кандай болгон күндө да, менин жакындарым айткандай, башка учурда мени эч нерсе токтото албайт болчу.

Мен азыр ар кандай уколдорду алып жатам, кытайдын түрдүү дары-дармектерин ичип жатам. Эң негизгиси реабилитация - позитивде болуу керек. Анан кечке кыймылдашың керек. Ал оңой эмес, ооба. Бирок музыканы коюп алып, реаблитациялык жабдыктын жардамы менен тынбай басып жатам",- деди Назаренко.

Ырчы маегинде пандемиянын эң курч учурунда "Город 312" тобу активдүү гастролдорду өткөрүп жатып, музыканттар жугуштуу оору менен жабыркап калышканын белгиледи. Ошондо Назаренко кеминде үч ирет COVID-19ду басып жүрүп жеңген, бирок дем алуу органы 25 пайыз жабыркап ооруканага түшкөн. Ал коронавирус оор кесепеттерди жаратарын кийин билгенин кошумчалады. COVID-19 анын канына таасир этип, тромбдор пайда боло баштаган, натыйжада инсультка алып келген.






Светлана Назаренко оорусу жана учурдагы абалы боюнча маек берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: