Кытайда өткөн парадда микротолкундуу куралдар көрсөтүлдү
Пекиндеги аскердик парадда High Power Microwave (HPM) күчтүү микротолкундуу куралдын үч үлгүсү көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул унаалардын дөңгөлөктөрүнө чоң антенналар орнотулган. Бул системдер күчтүү микротолкун импульстарын чыгарып, душмандын электроникасын иштен чыгара алат.
"Башкача айтканда, бул чоң микротолкундуу “мештер” учкучсуз учактардын электрондук тейлөө системин күйгүзүп, алардын асмандан күйүп түшүүсүн камсыз кыла алат",- деп жазылат макалада.
HPM системдери массалык учкучсуз дрондордун чабуулдарын токтотууга жөндөмдүү, алар аскердик базаларды жана башка аскердик инфраструктура объекттерин коргоого багытталган.
Эске салсак, 3-сентябрда Кытайдын борборунда Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад өттү. Ага 45 миң жоокер катышып, 600 техника жана 100 учак көрсөтүлдү.




