АКШда Google компаниясына купуялыкты бузганы үчүн 425 миллион доллар айып салынды
АКШдагы федералдык сот Google компаниясын колдонуучулардын купуялык укуктарын бузду деп таап, 425 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, компания колдонуучулар аккаунттарында көзөмөл функциясын өчүргөнүнө карабастан, миллиондогон адамдардан маалымат чогулта берген деп айыпталды.
Жалпы доо арызга 98 миллионго жакын Google колдонуучусу жана 174 миллион түзмөк кирген. Бул иш 2020-жылы ачылган. Колдонуучулар Google мобилдик түзмөктөрдөн уруксатсыз маалымат жыйнап, сактап жана колдонгонун билдиришкен. Башында доочулар 31 миллиард доллардан ашык компенсация талап кылышкан.
Соттун калыстар тобу Google компаниясын купуялыкты бузуу боюнча үч доонун экөөсүндө күнөөлүү деп тапты, бирок компания "жаман ниет менен" иш кылган жок деп чечти.
Google чечим туура эмес экенин билдирип, жогорку инстанцияга даттанарын жарыялады.
"Биздин продукттардын иштөө тартиби туура эмес түшүндүрүлдү. Купуялык шаймандарыбыз адамдарга маалыматтарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Колдонуучулар жекелештирүүнү өчүргөндө, бул тандоону эске алабыз",- деди компаниянын өкүлү BBC'ге берген маегинде.
Google ошондой эле "Веб жана колдонмо активдүүлүгү" функциясы өчүрүлгөн учурда да компаниялар Google Analytics аркылуу сайт жана тиркемелердин колдонулушу тууралуу маалымат жыйнай аларын, бирок бул маалымат жеке колдонуучуларды аныктабай турганын жана купуялыкка байланыштуу тандоолорду бузбай турганын кошумчалады.
