Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Ош шаарындагы 1,9 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, "Жол курулуш башкармалыгы" ЖАКсынын жерлерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүзүлгөн. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө башкармалык тарабынан жер тилкесин мамлекеттик баланска ыктыярдуу жана акысыз өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган.
Ошентип башкармалыктын С.И. аттуу директору менен министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосунда жер тилкесин ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүлгөн.
04.09.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:46
2025-09-04

9:15
2025-09-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.