super.kg logo

Лондон Орусиянын тоңдурулган активдеринин эсебинен Киевге курал-жарак жөнөттү

 

Улуу Британия өкмөтү Украинага Орусиянын тоңдурулган активдеринин эсебинен 1 миллиард фунт стерлингдик курал-жарак жана аскердик техника жөнөттү. Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Жон Хили 3-сентябрда Киевге болгон сапарында билдирди.

"Бул каражаттар жүз миңдеген артиллериялык ок-дары, жүздөгөн зениттик ракеталар, запастык бөлүктөрдү жеткирүүгө жана жабдууларды, унааларды тейлөө жана оңдоо үчүн жаңы контракттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди",- деп айтылат Британия өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Хилинин айтымында, Лондон өзүнүн Куралдуу күчтөрүнүн даярдыгын кайра карап чыгып, Украинанын аймагына каалаганча курал-жарак жөнөтүүгө даярдык үчүн каржылоону тездетүүдө.

Өкмөттүн кабарында айтылгандай, акыркы 50 күн ичинде Киев Лондондон 4,7 миллион ок-дары, 2,5 миңден ашык учкучсуз учактар (дрондор), 200дөн ашык радиоэлектрондук каршылык системдери, дрондорго жана абадан коргонуу системдерине каршы кошумча жабдуулар, 60 миңден ашык артиллериялык октор, ракеталар жана ракеталык комплекстерди алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: