Ошто салыкчылар кармалышты



Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан "А.А.Т." ЖЧКсынын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы аныкталган.
Бирок алар салык төлөмдөрүн жашыруу жана төмөндөтүү максатында бурмаланган маалыматтарга атайылап жол беришкен жана компаниянын мамлекеттик бюджетке ири карызы бар экендигин жашырышкан.
Натыйжада текшерүү бөлүмүнүн ага инспектору Т.А. жана текшерүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-09-04

9:46
2025-09-04

9:15
2025-09-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.