super.kg logo

"Кулсуң" деп кыйкырган окуя боюнча Өзбекстан Орусияга нота жөнөттү

 

Өзбекстан Химкидеги өзбек таксистти басынткан окуя боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрине расмий нота жөнөттү. Нотада шылдыңдаган адамдын өздүгүн аныктап, ага карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү камтылган. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан тарап күн сайын ЖМК жана социалдык тармактардагы маалыматтарды көзөмөлдөп турат. Эгер ушул сыяктуу окуялар аныкталса, тиешелүү чет өлкөлүк органдар менен байланыш түзүлөт.

"Айрыкча август айында коомчулукта кеңири резонанс жараткан окуя боюнча азыркы тапта иликтөө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу Орусиянын ТИМине расмий нота жөнөтүлдү",- деди Бурханов.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстандын жарандары дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун, мамлекеттин коргоосунда болушат.

Белгилей кетсек, 27-августта орусиялык жаран өзбекстандык таксистке кул экендигин айтып, орой жана уят сөздөр менен басынтып жатканы тартылган видео коомчулукка тараган.

Өзбекстан ушуну менен Орусияга жыл ичинде экинчи нотасын жиберүүдө. Июнь айында да Ташкент Москвага мигранттарга жасалган орой мамилеге байланыштуу кайрылуусун жолдогон. Ага Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: