Кыргызстанда альпинизм тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлду
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Кыргызстанда биринчи жолу "Альпинизм жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Депутаттын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө альпинизм жана тоо туризми активдүү өнүгүп жаткандыгына карабастан, бул тармак мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Жаңы мыйзам коопсуздукту камсыздап, экологиялык жоопкерчиликти күчөтүп жана пермит алуу тартибин жөнгө салмакчы.
Мыйзам долбоорунун негизги максаттары:
- альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылуу;
- экологияны жана маданий мурастарды сактоо;
- альпинизмди жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
- эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү.
Документке ылайык, альпинисттер 6 миң метрден жогору тоолорго чыгуу үчүн атайын пермит алууга милдеттүү болушат. Ошондой эле, коштоп жүрүүчү гид жана инструкторлор сертификациядан өтүүгө тийиш. Ар бир альпинист милдеттүү медициналык жана кырсыктан камсыздандырууга ээ болушу шарт.
Токтошевдин айтымында, мыйзам долбоору Кыргызстанды уникалдуу альпинизм аймагы катары дүйнөгө таанытып, жергиликтүү калк үчүн кошумча киреше алып келет.
Маалымат үчүн: Пермит – бул расмий уруксат кагазы.
