super.kg logo

Ташиев кылыгын айтып берген сот боюнча УКМК маалымат берди (видео)

 

Ош шаардык сотунун судьясы менен Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, сот опузалап пара талап кылса, прокурор аны менен жабырлануучунун ортосунда ортомчулук кылган. Мындан улам жабырлануучу УКМКга арыз менен кайрылган. Тагыраагы, судья арыз ээсинен жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 000 доллар талап кылган.

Натыйжада 29-июлда прокуратура кызматкери жабырлануучудан акча алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле күнү судья батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында доллар түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган.

29-августта болсо Судьялар кеңеши шектүү делген сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Жыйынтыгында кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары (Опузалап пара талап кылуу) менен айып тагылып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынышкан.

Эске салсак, август айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен болгон жолугушууда судьянын жасаган кылыгын айтып берген.

"Прокуратура кызматкери алган сумманы судьяга берет. Ал судьяны кармоо үчүн үйүнө барышканда, ал эшигин ачпай туруп, алган акчасын ажатканага кирип алып өрттөйт. Ошол өрттөлгөндө калган күлдөрүн топтоп, экспертизадан өткөрүп жүрүп жоопко тартып жатабыз. Качып кутула албайт. Себеби бизде бардык далилдер болгон",- деген ал.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: