Португалияда фуникулёр кырсыгына байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды
Португалия өкмөтү Лиссабондо болгон "Глория" фуникулёр кырсыгында каза болгондорду эскерүү максатында 4-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу өлкө президенти Марселу Ребелу де Соуза билдиргенин SIC Noticias жазып чыкты.
Лиссабондун мэри Карлуш Моэдаш борбор калаада үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бардык шаардык фуникулёрлор техникалык текшерүү бүткөнчө токтотулду.
Белгилей кетсек, кечээ, 3-сентябрь күнү кечинде Лиссабондун борборунда жайгашкан "Глория" фуникулёру рельстен чыгып кетип, 15 адам каза таап, дагы 23 адам жаракат алган, алардын бешөөнүн абалы оор. Каза болгондордун арасында фуникулёрду башкарып жаткан адис дагы бар.
Фуникулёр шаар борборун Барриу-Алту району менен туташтырып, жыл сайын 3 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыйт. Бул фуникулёр XIX кылымда ачылган жана 2002-жылы улуттук тарыхый эстелик макамын алган. 2018-жылы да фуникулёр рельстен чыгып кеткен, бирок анда каза болгондор катталган эмес.
