Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалышты
Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү. Рейд "Орто-Токой демилгеси" ЖЧКсы тарабынан уюштурулуп, учурдагы мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Жыйынтыгында Кытайдын үч жараны синтетикалык балык уулоочу торду колдонуу менен мыйзамсыз балык кармап жаткан жеринен кармалган. Алар райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Бул рейд Жалал-Абад облусундагы суу сактагычтарда мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана жергиликтүү экологияны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системдүү иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Мекеме мындай рейддерди системдүү түрдө улантууну пландап жатат.
Орто-Токой суу сактагычы
