Орусияда мигранттар Max мессенжерин колдонууга милдеттендирилиши мүмкүн
Орусиянын Мамлекетик Думасынын вице-спикери Владислав Даванков жана "Жаңы адамдар" фракциясынын депутаттары Георгий Арапов менен Амир Хамитов ички иштер министри Владимир Колокольцевге кайрылуу жөнөтүшүп, мигранттарды Орусияда жүргөн мезгилинде улуттук Max мессенжерин орнотуп, колдонууга милдеттендирүүнү сунушташты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Орусиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар Max мессенжерин орнотуп, колдонууга милдеттүү болушу керек деп эсептейбиз",- деп айтылат маалыматта.
Депутаттар мындай аракет менен миграциялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, мамлекет менен мигранттардын жана алардын иш берүүчүлөрүнүн ортосунда коопсуз санариптик байланыш каналын түзүүгө жана чет элдик мессенжерлерди терс максатта колдонуу коркунучун азайтууга болот деп эсептешет.
Кайрылууда ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин карап чыгууну тапшыруу өтүнүчү айтылган. Бул өзгөртүүлөр мигранттарды Max мессенжерин милдеттүү түрдө колдонууга милдеттендирмекчи.
