super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасын кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонянды өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

Тараптар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселесин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн парламенттик диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мамлекет башчысы Ален Симонянды жана Армениянын Улуттук жыйынынын мүчөлөрүн тосуп алып, эки өлкө ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүшүн жогору баалай турганын белгиледи.

Президент бир жагынан парламентаризм институттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, экинчи жагынан эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын парламенттик коштоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өлкөлөр ортосундагы достук депутаттык топторунун ишин активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Мамлекет башчысы мындай кадамдар мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууга жана жалпысынан ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Буга байланыштуу ал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштар, ошондой эле мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү тажрыйба алмашуу ырааттуу түрдө кеңейтилет деген үмүтүн айтты.

Өз кезегинде Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян Армения менен Кыргызстандын эл аралык мамилелери туруктуу жана конструктивдүү мүнөзгө ээ экенин, өз ара сый-урматка жана диалогдордун ачыктыгына негизделгенин белгиледи.

Мындан тышкары ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, анын ичинде инновациялар жана технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүдө, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүүдө олуттуу потенциалы бар экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: