super.kg logo

Алагөзов: "Чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызматкерлер үчүн имараттар сатып алынууда"

 
Мамлекет чет өлкөлөрдөгү өзүнүн дипломатиялык корпустарынын кызматкерлери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу аркылуу ынгайлуу шарттарды түзүү ишин улантууда. Бул тууралуу президентин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандын элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү өздөрү жүргөн өлкөлөрдө имараттарды жана кызматкерлер үчүн батирлерди ижарага алып, ал үчүн өлкө бюджетинен сезилээрлик каражатар сарпталып келген.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, өлкө бюджетине жүктү азайтуу жана чет өлкөдө эмгектенген дипломаттарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Тышкы иштер министрлиги өлкөбүздүн дипкорпустары жана кызматкерлери үчүн имараттарды сатып алууда.
Алсак, 2023-жылы Кыргызстандын Мажарстандагы элчилиги үчүн имарат сатылып алынды. Ушул эле жылы Франциядагы элчилик өзүнүн менчик имаратына ээ болду. Быйыл болсо, өлкөбүздүн Кореядагы элчилиги өзүнүн имаратына көчтү.
Чет өлкөдөгү дипломаттар үй-бүлөлөрү менен батирлерди ижарага алып эмгектенип келишет. Алар үчүн да эми кызматтык батирлер сатылып алынууда.
2024-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде эмгектенген кызматкерлер үчүн төрт кызматтык батир сатылып алынса, ушул эле жылы Орусиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулдугу үчүн бир батир менчикке сатылып алынды.
Быйыл, 2025-жылы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү үчүн Нью-Йорк шаарында Туруктуу өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн төрт батир жана Туруктуу өкүл үчүн резиденция сатылып алынды. Кызматкерлер үчүн сатылып алынган батирлер катарын Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы элчилиги толуктайт. Бул өлкөлөрдө эмгектенген дипломаттар үчүн да төрт кызматтык батир менчикке сатылып алынды.
Учурда Кыргызстандын Швейцариядагы, Австриядагы элчиликтери үчүн имараттарды менчикке сатып алуу алуу боюнча иш жүрүүдө.
Чет өлкөлөрдө элчиликтер жана кызматкерлер ижара акысы үчүн айына орточо 2500дөн 4500 долларга чейин коротуп келишкен.
Ал эми Европада кеңсени ижара баасы 5000 евродон 6500 еврого чейин түзөт.
Бул багыттагы иштер системдүү жана прагматикалык мүнөзгө ээ болуп, мындан ары дагы улантылмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: