Талас: Кара-Суу айылындагы мектеп быйыл бүтүрүлөт
Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылында көп жылдан бери курулуп жаткан 225 орундуу мектеп быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2016-жылы башталган.
Жалпы аянты 948 чарчы метрди түзгөн мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттар каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















