14 көпүрө оңдолуп... Корумду - Балбай баатыр жолунда курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ (видео)
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай баатыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, курулуш иштери башталгандан бери 51,3 чакырым аралыкка асфальттын астыңкы катмары басылды. Мындан тышкары, 14 кɵпүрɵ реконструкцияланууда жана 2 жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵктɵрдү куруу иштери уланууда.
"212 суу түтүгү орнотулуп бүттү. Учурдагы автожол 4 тилкелүү болуп, ортосу темир тосмолор менен тосулат. Долбоордун алкагында жарыктандыруу, жашылдандыруу, калктуу конуштарда эс алуу зонасы жана унаа токтотуучу жайлар курулат",- деп белгиленген маалыматта.
Корумду-Балбай-Баатыр жолунда аткарылып жаткан иштер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















