super.kg logo

5 миллион сом пара алып жаткан жеринен Чаткал токой чарбасынын башчысы кармалды (видео)

 

УКМК тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча ӨКМдин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы кармалды.

Атайын кызматтын маалымат борбору маалымдагандай, 1-сентябрда токой чарбасынын башчысы М.О. "Алтын Белги" ЖЧКсынын директору Ж.у.А. аттуу жарандан 5 миллион сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча "Алтын Белги" ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






Чаткал токой чарбасынын башчысы кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: