Бишкекте дарыгердин сабалышы: Жабырлануучу милиция чара көрбөй жатканын айтууда
Бишкекте Ж.М. аттуу дарыгер мындан 5 ай мурун К.Н. аттуу жаран тарабынан сабалып башынан жаракат алганын, бирок милиция кызматкерлери тийиштүү чара көрбөй жатканын айтып жергиликтүү басылмалардын бирине кайрылды.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери кылмыш ишин тергөөнү дээрлик беш айдан бери созуп жатышат. Ошондой эле алар жабырлануучуну К.Н. менен элдешүүгө үгүттөп жатышат.
Бул боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, төмөнкүлөргө токтолду:
"Ж.М. аттуу жарандын арызынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган жаран К.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.
Мындан тышкары, К.Н. тарабынан берилген арыз да каралууда. Ал Ж.М.га карата чара көрүүнү өтүнгөн",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле арыздын алкагында соттук-медициналык комплекстүү экспертиза дайындалганы жана тергөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү укуктук баа бериле турганы кошумчаланды.
Эске салсак, жабырлануучу борбор калаадагы турак үйлөрдүн биринде жайгашкан жеке стоматологиялык клиникада иштейт. Анын айтымында, 12-май күнү шашылыш чакыруу түшкөн соң клиникага тез арада барган. Бирок ошол маалда үйдө жашаган тургун ага кол салган.
"К.Н. мага "сенин айыңдан менин үйүмдө электр жарыгы өчүп жатат" деди. Мен ага клиника өзүнчө электр тармагына туташканын жана кире бериши да башка жакта экенин түшүндүрдүм. Бирок ал ушинтип айта берди, андан соң сөгүнүп, коркутуп баштады. Арабызда кайым айтышуу болуп, күтүүсүз жерден бетиме уруп жиберди. Андан кийин таш менен башыма урду. Ошондо эс-учумду жоготуп жыгылдым. Ал болсо жардам бербей, кетип калды",- деген жабырлануучу жергиликтүү басылмага берген маегинде.
Учурда жабырлануучу ден соолугуна байланыштуу бир нече операция өткөргөнүн, ал эми иш болсо сотко жетпей, токтоп турганын билдирди. Ал милициянын кайдыгерлигине жана кылмышкердин жазадан кутулуп кетүү коркунучуна кабатыр болуп жатканын айтты.


