super.kg logo

"Өрттөп жиберген". Индияда аялын өлтүргөн жаран өлүм жазасына тартылат

 

Индияда аялынын келбети жакпаганы үчүн тирүүлөй өрттөп жиберген жаран өлүм жазасына тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маркум аял Лакшминин айтымында, күйөөсү Кишандас аны дайыма кара түстүү териси үчүн шылдыңдап, кемсинтип келген. 2017-жылдын 24-июнуна караган түнү ал аялын бензин менен күйгүзүп, качып кеткен.

Окуядан кийин Лакшми ооруканага жеткирилген. Ал оор абалда болсо да, милицияга, дарыгерлерге жана сот органдарына көрсөтмө берип үлгүргөн. Дал ушул көрсөтмөлөр кылмыш ишинин негизги далили болгон.

Сегиз жылга созулган сот процесси өткөн дем алыш күндөрү аяктап, Удайпур шаарындагы округдук соттун судьясы Рахул Чоудхари кылмышты “адамзатка каршы багытталган өзгөчө мыкаачылык” деп баалап, Кишандаска өлүм жазасын берди. Бул окуя Индия коомунда адамдын терисинин түсүнө болгон дискриминациянын дагы эле күчүндө экенин жана аялдарга карата зомбулуктун олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын эске салды.

Лакшми күйөөсү менен 2016-жылы баш кошкондон бери күйөөсү дайыма аны "кара терилүү" деп шылдыңдап, мазактап келгенин айткан. Жабырлануучуну Кишандастын ата-энеси жана карындашы ооруканага жеткирген, бирок ал оор жарааттарынан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: