Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын парламент төрагасына Жогорку Кеңешти көрсөтүп чыкты





Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач тар чөйрөдө баарлашкан төрагалар, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Андан соң Нурланбек Тургунбек уулу Ален Симонянга Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн тааныштырып, жыйындар өтчү залды көрсөтүп чыкты. Ошондой эле армян делегациясы парламенттин жаңыланган телестудиясына да баш багып, парламенттин ишин коомчулукка чагылдыруу жаатындагы жагдайлар боюнча маалымат алышты.
Өзү да кесиби боюнча журналист экенин айткан Ален Симонян жасалып жаткан иштерге жогору баасын берип, атайын тактага каалоо-тилегин жазып калтырды.




