super.kg logo

Өзбекстанда эми абакта отургандар жаза мөөнөтүн китеп окуп кыскарта алышат

 

Өзбекстандын Сенаты атайын мыйзам кабыл алды. Эми соттолгондор ар бир окуган китеби үчүн абактагы мөөнөтүн 3 күнгө кыскарта алышат. Бул тууралуу республикалык мыйзам чыгаруу органына шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышууда.

"Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, ар бир окулган китеп үчүн жаза мөөнөтү 3 күнгө кыскартылышы мүмкүн. Бирок бир жыл ичинде 30 күндөн ашпоого тийиш. Окула турган китептер Республикалык руханий жана агартуу борбору тарабынан бекитилген атайын тизмеде болот. Бул китептер моралдык жана тарбиялык баалуулуктарды калыптандырууга багытталган. Китеп чындап окулганын атайын комиссия тастыкташы керек. Бул мүмкүнчүлүк шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн болгон адамдарга гана тиешелүү. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар бул укуктан пайдалана алышпайт",- деп белгиленди маалыматта.

Өзбекстанда бул мыйзам болжол менен 13 500 соттолгон адамга тийиштүү болот деп күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: